КООПСУЗДУК-2026 АСКЕРДИК МАШЫГУУСУНА ДАЯРДЫК КӨРҮЛҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 2026-жылында даярдоо планына ылайык, 2026-жылдын 21-23-апрель күндөрү “Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда өзгөчө абалды киргизүү шарттарында аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иши” темасында “Коопсуздук -2026” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүлөт. Буга байланыштуу 2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын аскер кызматчыларынын жана Кыргыз Республикасынын Ысык -Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматчыларынын катышуусунда “Коопсуздук-2026” аскердик машыгуусуна даярдыгын кароо, машыгуу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү берүү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга, райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук Укук коргоо жана коопсуздук органдарынын, райондук аскер комиссариатынын, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн, тиешелүү райондук мекемелер, ишканалардын жетекчилери, кызматчылары катышышты.