БИРИКСЕК КОЛДОН КЕЛЕТ-БИЗ ТАЗАЛЫК ҮЧҮН

“Бириксек колдон келет-биз тазалык үчүн”  дал ушундай аталыштагы уранду туу туткан Жети-Өгүз районунда  бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасына ылайык, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын уюштурусу менен  жалпы ишембилик уюштурулуп өткөрүлдү. Аталган ишембиликке райондук мекемелердин, ишканалардын  эмгек жамааттары, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын аппарат кызматкерлери, жергиликтүү тургундар менен соода-сатык түйүндөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышышты. Негизинен бүгүнкү  ишембиликке 30 дан ашуун мекемелерден, 5 айыл өкмөтүнөн жана жергиликтүү тургундардан болуп жалпы 1000 ден ашуун жаран катышып, 48,5 га жер аянты тазаланып, 25, 5 тонна ар кандай таштандылар чогултулуп, таштанды таштоочу жайларга төгүлдү. Ишембиликтин алкагында район аймагындагы айылдарды бириктирген негизги трассалар, айыл ичтери,  жол жээктери, социалдык имараттардын тегерек-чети ар кандай акыр-чикирлерден тазаланды. Ушул сыяктуу ишембилик  кийинки аптанын ишемби күнү да уюштурулуп өткөрүлүүсү пландалууда. Бул иштердин негизги максаты айлана-чөйрөнү таза кармоо жана жаратылышка аяр мамиле жасап, анын кооздугун сактап калуу болуп эсептелет.