КОРРУПЦИЯСЫЗ КООМ-ТАЗА МАМЛЕКЕТ
2026-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетин 27.01.2026-жыл №29 “2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси астында, Саруу айылынын “Ж.Чабалдаев” атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты жана 9-11-классынын окуучулары тарабынан “Коррупциясыз коом-таза мамлекет” аттуу сценалаштырылган иш чарасы болуп өттү.
Иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук прокуратурасынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызматчылары катышты.
Иш чаранын эң маанилүү бөлүгү, “Ж.Чабалдаев” атындагы орто мектебинин директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары Акматова Самара Акматовна коюлган сценка аркылуу окуучуларды критикалык ой жүгүртүүгө багыт берүүсү болду.
Окуучулар, катышуучу коноктор иш чарада активдүү катышып, суроо жооптор берилип, жылуу маанайда өтүлдү . Мындай иш чаралар башка мектептерде дагы өткөрүү пландалган жана чоң иш чарасы РМА, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалып, райондук деңээлде өтүлөт.

