РАЙОНДО ДААГЫ БИР БАЛА БАКЧА АЧЫЛЫП, ИШКЕ БЕРИЛДИ
2026-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылында 100 орунда Ибраева Зинаида атындагы “Бакыт” бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган бала бакчанын ачылышына Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Ж.К.Бектемирова, Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы Г.А.Чыныбаева бир катар райондук мекемелердин, ишканалардын жетекчилери, Зинаида Ибраеванын уул-кыздары жана жакын туугандары, Жалгыз-Өрүк айылынын жашоочулары менен меймандар катышышты. Ачылыш аземге келген меймандар өз каалоо-тилектерин жолдоп, бакчанын курулушуна салым кошкондорго өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Салтанаттуу ачылыш аземге келген меймандарга бала бакчанын жалпы жамааты менен элеттик таланттар, мектеп окуучулары чакан концерттик программаларын тартуулап, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Эми элет элинин бөбөктөрү да бакчадан тарбияланып, келечек ээлеринин өсүп-өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзлөт.

