БҮГҮН РАЙОН АЙМАГЫНДАГЫ 40 МЕКТЕПТЕ КАЙРАДАН КОҢГУРОО ЖАҢЫ
Бүгүн 15-сентябрь билим күнү. Мындан улам өлкө аймагында анын ичинен Жети-Өгүз районунун аймагында 2026–2027-окуу жылынын башталышы менен алгачкы коңгуроо жаңырып, окуу жылы ийгиликтүү башталды.
Бүгүнкү күндөн баштап район аймагында жалпы 40 мектептик билим берүү уюму иш алып бара баштады. Анын ичинен 39 жалпы билим берүүчү мектеп, 1 жеке мектеп бар.
Мындан тышкары райондо 2 негизги жалпы билим берүү мектеби бар. Алар — Конкино айылындагы Конкино негизги жалпы билим берүү мектеби жана Ак-Кочкор айылындагы О. Эсенканов атындагы негизги жалпы билим берүү мектептери.
Район боюнча 2026-2027-окуу жылы үчүн мектеп босогосун жалпы 20 миңден ашуун окуучу аттап, ар бир мектепте 15-сентябрь билим күнүнүн урматына салтанаттуу линейкалар уюштурулуп, бул окуу жылынын алгачкы коңгуроосу кагылды.
Аталган салтанаттуу иш-чараларга Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин биринчи орун басары К.З.Аджиев, орун басары Ж.К.Бектемирова, тиешелүү райондук мекемелердин, ишканалардын жетекчилери жана айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышып, мугалимдердин иштерине ийгиликтер ал эми окуучуларга окуудагы жетишкендиктерди калады.

