Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укуктарын калыбына келтирди

Кыргыз Республикасынын жетим балдардын мүлктүк укуктары жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Жети Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экендиги жана мыйзамда белгиленген тартипте турак-жай менен камсыздалбаганы аныкталган.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, натыйжада жетим балага турак жай куруу үчүн Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынан 600,0 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

***

Прокуратура Джети-Огузского района содействовала обеспечению ребёнка-сироты земельным участком

В ходе проверки соблюдения законодательства Кыргызской Республики в сфере защиты имущественных прав детей-сирот прокуратура Джети-Огузского района установила, что ребёнок-сирота В. К. не имеет жилья и не обеспечен им в установленном законом порядке.

По результатам принятых прокуратурой района мер ребёнку-сироте выделен земельный участок площадью 600 квадратных метров в селе Богатыровка Джети-Огузского района для строительства жилого дома. Ему также выданы соответствующие правоустанавливающие документы.