“САЛТЫН САКТАГАН УЛУТУН САКТАЙТ”

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу  жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жети-Өгүз районунунда кезектеги “САЛТТЫ САКТАГАН УЛУТТУ САКТАЙТ”  аттуу райондук деңгээлдеги иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Иманалиева, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Э.И.Бахавадинов,  орун басары Ж.К.Бектемирова жана райондогу мекемелердин, ишканалардын жетекчилери, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары, тиешелүү кызыктар тараптар менен коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

 

Иш-чарага келген меймандарга Жети-Өгүз райондук борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан китеп, журнал жана башка жазма булактарынын,  райондогу “Мурас” жана “Ажайып” кол өнөрчөлөр ишканалары тарабынан таярдалган буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук каада-салт жана тамак-аш берүүнүн жол-жолболору, үрп-адаттары боюнча маалыматтар берилди.

 

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Иманалиева жана район акими Э.И.Бахавадиновдор куттуктоо сөздөэрүн сүйлөп, “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыктын маани-маңызы жана анын аткарылышы боюнча кеңири ойлорун айтып, “САЛТТЫ САКТАГАН УЛУТТУ САКТАЙТ”  аттуу иш-чаранын максаты боюнча да баса белгилешти.

 

Андан  соң Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмү тарабынан кыргыз тарыхындагы улуу инсандардын улуулугун даңазалап, аларды келечек ээлерине көрсөтүү максатында сахналаштырылган чыгарыма тартууланып, мектеп окуучулары жана райондогу шайыр апалар тарабынан чакан концерттик программалар да тартууланып, иш-чара жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүлдү.