ИШЕМБИЛИК УЧУРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО — АР БИР ЖАРАНДЫН МИЛДЕТИ

Жаз мезгилинин келиши менен Жети-Өгүз районунун аймагзанда ишембиликтер Гактивдүү өткөрүлүп, айыл-кыштактарда, кечелерде жана коомдук жайларда тазалоо Гиштери күч алууда. Бирок акыркы учурда ишембилик учурунда өрт коопсуздук (эрежелеринин сакталбагандыгынан улам өрт кырсыктарынын саны көбейуп |жатканы байкалууда.

Көпчүлүк учурларда жарандар короо-жайларды тазалоо учурунда куураган чептерду, жалбырактарды жана таштандыларды кеземалсүз өрттөп жиберишет. Күчтүү шамалдын таасири менен жалын тез жайылып, турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга жана бак-дарактарка коркунуч жаратууда. Мындай өрттөр материалдых чыгымга гана алып келбестен, адамдардын өмүрүнө да коркунуч туудурат.

Өрт кырсыктарынын негизги себептери томанкүлөр болууда:

таштандыларды кезюмелсүз өрттөө;

Өрт коопсуздук талаптарын сактабоо; шамалдуу аба ырайында от жагуу,

өрт өчүрүү каражаттарынын даяр болбошу:

жарандардын жоопкерчиликсиз мамилеси.

Ишембилик откорүүдо томонку орт коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл: куураган чөптөрдү жана таштандыларды өрттөбөй, мүмкүнчүлүк болсо

чыгаруу же чогултуу;

от жагылган учурда аны кароосуз калтырбоо;

шамалдуу күндөру от жактоого,

суу, кум же өрт өчүрүүчү каражаттарды даяр кармоо,

жаш балдарды отко жакын жолотпоого;

өрт байкалган учурда дароо 101 кызматына кабарлоо.

Өрт бул алдын алууга мүмкүн болгон кырсык. Ар бир жаран тазалык иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын так сактоо менен айлана-чөйрөнү гана эмес, өзүнүн жана башкалардын өмүрүн сактап каларына көңүл буруусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жарандарды ишембилик учурунда орг коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Тазалык маданияттын белгиси болсо, коопсуздук ар бирибиздин жоопкерчилигибиз

Н.Мамбетакунов,

райондук ӨКБнүн ӨӨЖАЛБнүн улук офицери, капитан