Үй бүлөлүк жана балдарга карата зордук зомбулукту алдын алуу боюнча райондук кординациялык комиссиясынын отуруму болуп өттү
Аталган отурумга Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Ж.К.Бектемирова төрагалык кылып, ага райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, “Үй бүлөнү колдоо жана баланы коргоо бөлүмүнүн” башчысы; райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, ККК ЖӨИ кызматынын башчысы; райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору; райондук пробация кызматынын аймактык жетекчиси; райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы; айыл аймактардын айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышышты.
Отурумда Үй бүлөлүк жана балдарга карата зордук зомбулукту алдын алуу боюнча маселе каралып, тиешелүү маалыматтар угулуп, аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди.


