КАРЫЛАРГА СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ
Бүгүн, 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү. Буга карата Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчсы-акимдин орун басары Ж.К. Бектемирова Кызыл-Суу айылынын тургуну, ардактуу ардагер 101 жаштагы Андрюшина Екатерина ападан кабар алды.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ж.Жетигеновдун жана район акими Э.И.Бахавадиновдун атынан Андрюшина Екатерина апаны бүгүнкү майрамы менен куттуктап, тиешелүү жетекчилердин атынан акчалай белектерин тапшырды.

