Администрациянын тарыхы

Районду ар жылдары башкарган жетекчилердин ар биринин аймактын өсүп-өнүгүшү, экономикалык жактан чыңдалышы, калктын турмуш-тиричилигинин жакшырышы үчүн кошкон салымдары ат көтөргүс болгон.

Партиянын райкомунун биринчи катчылары О.Ходжобаев (1930-1932), Г.Г.Саитгазиев(1932-1934), И.М.Нилов (1935-1937), И.Токочев (1937-1938), П.М.Огурцов (1938-1940), И.И.Мехоношин (1940-1943), С.Сыдыков (1944-1947-жылдары районду жетектешсе, партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), К.Токсобаев (1947-1948-ж.ж., партиянын Покровка райкомунун 1-катчысы), Х.Ж.Көкөева (1950-ж. партиянын Покровка райкомунун 1-катчысы), С.А.Аникин(1949-1951-ж.ж., партиянын Покровка райкомунун 1-катчысы),Т.Байсабаев (1951-1952-ж.ж., партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), Т.Жакуйбеков (1952-1955-ж.ж., партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы, М.Чынгышбаев (1956-1958-ж.ж.,партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), Ө.Носинов (1952-1961-ж.ж., партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), ,Т.Орозобеков (1961-1962-ж.ж., партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), И.Жангазиев(1962-1963-ж.ж., партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), С.Абдрахманов (1964-1971-ж.ж., партиянын Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы), М.М.Касымов (1971-1974-ж.ж.), Б.Кулов1974-1981-ж.ж.), К.Самыкбаев (1981-1985-ж.ж.), Т.Абдыкадыров (1985-1991-ж.ж.) жана эл депутаттарынын райондук Советинин аткаруу комитетинин төрагалары М.Асанходжаев (1943-1945-ж.ж. Жети-Өгүз райсоветинин төрагасы), С.Токбаев (1945-1947-ж.ж.Покровка райсоветинин төрагасы), П.А.Кучеренко (1947-ж. Покровка райсоветинин төрагасы), С.Бөгөмбаев (1947-1950-ж.ж., Жети-Өгүз райсоветинин төрагасы), Х.Ж.Көкөева (1950-1951-ж.ж. Покровка райсоветинин төрайымы), С.Молдобаева (1951-1953-ж.ж., Покровка райсоветинин төрайымы), М.Кашкараев (1951-1954-ж.ж., Жети-Өгүз райсоветинин төрагасы), С.Сыдыков (1953-1959-ж-ж., Покровка райсоветинин төрагасы), Ж.Рахманов (1954-1958-ж.ж., Жети-Өгүз райсоветинин төрагасы), М.Чынгышбаев (1958-1961-ж.ж., Жети-Өгүз райсоветинин төрагасы), эки район бириккенден кийинки эл депутаттарынын Жети-Өгүз райондук аткаруу комитетинин төрагалары Ж.Ормокоев (1963-1971-ж.ж.,), Ж.Түлөбердиев(1971-1975-ж.ж.), К.Самыкбаев (1975-1981-ж.ж.), К.Данияров (1981-1986-ж.ж.), Ж.Шарапов 1986-1991-ж.ж.), С.Абдыкеримовдор(1991-1992-ж.ж.) тууралуу район калкынын арасында жылуу пикирлер айтылып келет.

1977-жылы райондо 15 селолук Советтин аймагында 7 колхоз, 5 совхоз жана Оргочордогу асыл-тукум кой өстүрүүчү тажрыйба станциясы иштеп турган. Бул чарбалардын «оорун колдон, жеңилин жерден алып», күн тыным, түн уйкусун бөлүп иштеген ар кыл тармактын эмгек алдыңкыларынын арасынан Социалисттик Эмгектин Баатырлары: Ж.Тынаев, М.Жумадылова, М.Сыдыкова, С.Эшенова, К.Намазбеков, А.Т.Юматова, И.Илипбаев, К.Асановдун ысымдары түбөлүккө калтырылган. Аларга арналган «Күжүрмөн Эмгек Даңкы аллеясы» 2011-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын ошол кездеги башчысы-аким Т.Б.Чекиевдин демилгеси менен түзүлүп, Кызыл-Суу айылынын борбордук аянтына орнотулган.

Өлкөдө акимдик институт киргизилгенден кийин райондук мамлекеттик администарция башчылары-акимдери болуп К.А.Сооронбаев (1992-1998-ж.ж.), Б.К.Курманбеков (1998-1999-ж.ж.), О.А.Бектуров (1999-2002-ж.ж.), Э.С.Каптагаев (2002-2004-ж.ж.), Д.Б.Кенжебаев (2004-2005-ж.ж.), З.Турдукеев (2005-2008-ж.ж.), Т.Б.Чекиев 2008-2009-ж.ж.), С.К.Керимкулов (2009-2010-ж.ж.), Р.Ж.Элебесов (2010-2012-ж.ж.), Ж.О.Дүйшөмбиев (2012-2013-ж.ж.), Д.Ч.Моңолдоров (2013-ж), К.А.Джудеев (2013-жылдан бери) иштешти. Ал эми депутаттардын Жети-Өгүз райондук кеңешинин төрагалары болуп К.Жумаев (1992-ж), Г.Ш.Жумабаева (1992-2000-ж.ж.),А.Асаналиев (2001-2002-ж.ж.), З.Турдукеев (2002-2005-ж.ж.),Т.К.Байдөлөтов (2005-2009-ж.ж.), Ж.А.Кыдыевдар (2009-2013-ж.ж.) иш алып барышты. 2013-жылдын декабрында райондук кеңештер жоюлуп, райондордо элдик бийликтин өкүлдөрү катары айылдык кеңештердин депутаттарынын кошмо жыйынынын кеңешмесиөз ишмердүүлүгүн баштаган. Мыйзамга ылайык айылдык кеңештердин төрагалары коомдук башталышта белгилүү мөөнөт менен кезектешип, айылдык кеңештердин депутаттарынын кошмо жыйынынын кеңешмесинде төрагалык милдетти аткарып, чечимдерге кол коюуга укук алышкан.