Райондун аталышы: Жети-Өгүз району.
Райондун борбору: Кызыл-Суу айылы.
Жалпы аянты: 14,2 миң чарчы километр.
Калкы: 101 009 адам (2024).
Айыл аймактардын саны: 5.
Аким: Бахавадинов Эрмек Ибрагимович.
Жети-Өгүз району географиялык түзүлүшү боюнча чыгышынан Ак-Суу району, батышынан Тоң району, түштүк-батышынан Нарын областы, түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасы (КЭР) менен чектешет, түндүгүнөн болсо Ысык-Көл көлү чулгап турат. Жети-Өгүз сыртынан дүйнө жүзүнө белгилүү Нарын дайрасы башат алат.
Райондун жалпы аянты 14,2 миң чарчы километр. Анын аймагында 5 айыл аймагы,47 калктуу конуш бар.
Райондун жер шарты негизинен тоо-таштуу келет. Жалпы жонунан 1402693гектар жер аянты болсо, анын айыл чарбачылыгына керектүү жери 508,8 миң гектар, айдоо аянты 42,0 миң гектар, чабынды 2,2 миң гектар, жайыт 464,0 миң гектарга барабар. Калган жерлерди токой тилкелери, тоо-таштар, аска-зоолор, мөңгүлөр ээлейт. Айдоо аянттарына негизинен эгин, көп жылдык чөп, жашылча-жемиш, мөмөлүү бак өсүмдүктөрү айдалат. Андагы бийик чокуларынан Тескей Ала-Тоо (Ит-Тиш чокусу 4808 м.),Борколдой (5170), Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м.), Жетим-Бел кырка тоосу (4627 м.), Какшаал тоо тизмеги (5200 м.) деңиз деңгээлинен кыйла бийиктикте турат. Райондун дыйканчылык өрөөнү бөлүгүнө деңиздик-тоо, Сырт өрөөнүнө кескин континенттик климат мүнөздүү.
Дыйканчылык өрөөнүнүн жайы салкын (июль айынын орточо температурасы +17,7 градус/Цельция), кышы жумшак (январдыкы -2,9 градус/Цельция). Сырттын кышы узак жана суук (январь айыныкы -22 градус/Цельция), жайы кыска жана салкын (июль айыныкы +5 градус/Цельция). Жылдык жаан-чачыны дыйканчылык өрөөндөрдө 350-500 миллиметр, алыскы Сыртта 200-300 миллиметрге жетет. Район негизинен КЭР менен алыскы сырт аймагы аркылуу чектешип турат. Мамлекеттик чек ара Какшаал тоо кыркасынын чыгыш бөлүгүнүн кыры аркылуу өтөт.