ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНДУК ИЧКИ ИШТЕР БӨЛҮМҮНҮН, ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ЖАНА СОТУНУН ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕСИНИН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 30-сентябрында  Жети-Өгүз РИИБдин башчысы Т.Ж.Усенов, башчынын орун басарлары А.Д.Бакчиев, Р.С. Касымов, А.Ж. Касымов, М.Ж. Абакиров, финансы бөлүмүнүн башчысы М.Т. Кубакеева, өздүк курамдан 85 кызматкер, Жети-Өгүз районунун прокурору А.К.Исманов, райондук соттун төрагасы Н.Бекташов жана У.Шаматовдун  катышуушунда  кезектеги отурум болуп өттү. Отурумда низинен төмөндөгү 2 маселе каралды.

  1. Жети-Өгүз РИИБдин милициянын атайын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн укук бузуулар жөнүндө протоколдордогу жана аларга тиркелген материалдардагы кемчиликтерди талкуулоо.
  2. Жети-Өгүз районунун аймагындагы кылмыштуулуктун абалы, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун, жашы жете электерге карата жана жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын, алдамчылыктын, кибералдамчылыктын жана коррупциялык кылмыштардын алдын алуу маселелери.                                                                     Жыйындын жүрүшүндө  райондук соттун төрагасы Н.Бекташов,  райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов жана башка тиешелүү кызмат адамдары сөз сүйлөп,  тиешелүү маселелер боюнча өз маалыматтарын берип, алардын аткарылышы боюнча да кеңири токтолду.                                                                                                                                                    Мындан тышкары Жети-Өгүз районунун прокурору А. К.Исманов  үй-бүлөлүк зомбулуктун, жашы жете электерге карата жасалган зордук-зомбулуктун жана жалпы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, бул маселелер боюнча милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча келип түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү өз убагында каттап, ар бир фактыны мыйзам талаптарына ылайык толук жана ар тараптуу текшерүү маанилүү экендигин айтты. Зомбулукка кабылган жарандарга коргоо ордерлерин өз мөөнөтүндө берүү, анын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана белгиленген чектөөлөр бузулган учурда мыйзам чегинде чара көрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле зомбулуктун кайталанышына жол бербөө максатында үй-бүлөлүк чыр-чатактардын себептерин аныктап, тиешелүү профилактикалык иштерди жүргүзүүгө көңүл бурууну тапшырды.  Өзгөчө балдарга карата жасалган зордук-зомбулук фактыларына токтолуп, жашы жете электердин укуктарын жана коопсуздугун коргоо милиция кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири экендигин белгиледи. Балдарга карата жасалган зомбулук, коркутуу, ден соолугуна зыян келтирүү жана башка укукка каршы аракеттер боюнча ар бир фактыга өз убагында укуктук баа берилип, жабырлануучулардын кызыкчылыктары мыйзам чегинде корголушу зарылдыгын айтты.  Ал ортодо жогоруда айтылган маселелер боюнча алдыда күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу менен кемчиликтерди жою боюнча тиешелүү  чечимдер чыгарылды.