Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы жана улук административдик мамлекеттик кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт

Жарыя конкурс!

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы жана улук административдик мамлекеттик кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт.

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башкы топтогу   административдик мамлекеттик оруну  үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
    3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  11. “Электрондук  башкаруу  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы.

Административдик мамлекеттик улук токптогу кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест)  түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын  тизмеси

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
    3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  7. “Электрондук  башкаруу  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы.

Административдик бардык топтор үчүн санариптик компетенттүүлүккө  ээ болуу жаатында мамлекеттик

кызматчыларга коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө

Ыктуулугу:

  • Текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө.
  • Файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).
  • Сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу.

Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү).

Компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

Ыктуулугу:

  • Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
  • Издөө системалардан пайдалануу.
  • Ар түрдүү браузерлер менен иштөө.

Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү.

Маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу

Ыктуулугу:

  • Маалыматтын өзгөрүлүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана ар түрдүү болуу шартында маалыматтык базалар менен иш жүргүзүү.
  • Статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга колдоо көрсөтүү үчүн маалыматты жаратуу.

Файлдардын өлчөмүн кысуу жана маалыматтардын чоң көлөмүн жөнөтүү/кабыл алуу.

 

Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү

Билими жана ыктуулугу:

  • Презентацияларды уюштуруу.
  • Эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө.

Маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү.

 

Колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу

Ыктуулугу:

  • КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу.
  • Веб-конференц-байланышты уюштуруу боюнча тиркемелерден пайдалануу.
  • Видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу.

Текстке түзөтүү киргизүү жана аны редакциялоо.

 

Уюштуруу техникасы менен иштөө

Уюштуруу техникасы менен иштөө боюнча ыктуулугу:

  • Көчүрмө аппараттары.
  • Принтер.
  • Сканер.
  • Проектор же интерактивдүү тактай.

Факс.

 

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү

  • Электрондук башкаруу жөнүндө.
  • Электрондук колтамга жөнүндө.

Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө.

 

Маалыматтык коопсуздук

Ыктуулугу:

  • Вируска каршы программаларды колдонуу.
  • Шифр коюу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо.
  • Логин жана пароль коюу.

Компьютерде иштөөдө маалыматтык коопсуздук

 

Жети-Өгүз  райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

(Б-А)

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: гуманитардык, юридикалык, экономика жана башкаруу,  архитектура жана курулуш, айыл чарбасы,  педагогикалык, социалдык, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, физика-математикалык илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Этика Кодекси,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “ Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын  билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, материал таануу, металлургия жана машина куруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, транспорттук техника жана технология, химиялык технология жана биотехнология.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы 

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

Бюджет, Салык Кодекстери, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамдарын  билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык, азык-түлүк жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү, социалдык, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, табият таануу илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы 

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

Этика Кодекси,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “ Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө»  Мыйзамдарын  билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим: гуманитардык, экономика жана башкаруу,  архитектура жана курулуш, айыл чарба,  педагогикалык, социалдык, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, материал таануу, металлургия жана машина куруу,  транспорттук техника жана технология, физика-математикалык илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы 

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”, «Мамлекеттик тил жөнүндө», “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”  Мыйзамдарын  билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз  райондук мамлекеттик администрациясынын  жалпы  бөлүмүнүн кылмыштуулук, укуктук-тартиптик коопсуздук маселелери боюнча иш алып баруучу башкы адис  кызмат ордуна  коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– гуманитардык тиешелүү багыттагы жогорку билим, экономика, юриспруденция, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, физика-математикалык илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетентүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”, КР “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамдарын билүүсү жана райондук мамлекеттик администрациянын жалпы иштерине байланышкан ченемдик укуктук актылар менен тааныштыгы болуусу зарыл. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн жер маселеси, жер казынасы боюнча иш алып баруучу башкы адис кызмат  ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, материал таануу, металлургия жана машина куруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, транспорттук техника жана технология, химиялык технология жана биотехнология.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы 

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

Этика Кодекси, Жер кодекси, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “ Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамдарын  билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн социалдык маселелер боюнча иш алып баруучу башкы адис кызмат  ордуна коюлуучу квалификациялык

талаптар (У-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, табият таануу илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу, педагогикалык билим берүү                     .

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын  «Дене тарбия жана спорт жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча», “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”   Мыйзамдарын жана  тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

Жети-Өгүз  райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн уюштуруу- инспектордук иштери боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: гуманитардык, экономика жана башкаруу,  айыл чарбасы,  педагогикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, автоматташтыруу жана башкаруу, физика-математикалык илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамдарын  билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

-конкурска катышуу жөнүндө жеке арызы;

-кадрларды эсепке алуу баракчасы;

-сүрөт 2 даана (4*6) ; паспортунун көчүрмөсү;

-соттолбогондугу тууралуу маалымдама;

-билими жөнүндө дипломдун, эмгек китепчесинин, билимин, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөсү.

Документтерди  тапшыруу  мөөнөтү:  2026-жылдын   30-январына  саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, 95, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Байланыш телефону: 0703411011, 0709821209.

 

 

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.