ОБЛУСТУК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕР АЛЫСКЫ СЫРТ ӨРӨӨНҮНДӨГҮ ТОПОЗ ЧАРБАЛАРЫ МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмек Бахавадинов, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук ветеринария башкармалыгынын башчысы менен биргеликте Жети-Өгүз районунун алыскы Сырт өрөөнүндөгү топоз чарбалары менен жеринен таанышып чыкты.