Ишкерлеринин жана райондук салык кызматынын катышуусунда жыйын
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” №3 Жарлыгынын жана Ишкерлерди коргоо жөнүндө Мыйзамынын аткарылышы боюнча , Жети-Өгүз районунун прокуратурасынын демилгеси менен Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясында Кызыл-Суу айыл аймагынын ишкерлеринин жана райондук салык кызматынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.


