“1-октябрь-Эл аралык карылар күнү”

557629492_1985115535662025_4513625806492793321_n
“1-октябрь-Эл аралык карылар күнү” майрамынын урматына Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен улгайган ата-апаларга майрамдык иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чарада район акими Э.И.Бахавадинов карыларды майрамы менен куттуктап, майрамдык белектерди тапшырды. Ошону менен бирге район аймагында баш кошуп, 50 жылдан ашуун бирге өмүр сүрүп, район элине, жаш үй-бүлөлөргө, келечек муундарга үлгү болгон айрым үй-бүлөлөргө “Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын “Дөөлөттүү үй-бүлө” сыйлыгын тапшырды.
Майрам ээлерине сый тамак уюштурулуп, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Возможно, это изображение 9 человек и помост
Возможно, это изображение 7 человек, свадьба и помост
Возможно, это изображение 6 человек и помост
Возможно, это изображение 4 человека, кларнет, скрипка, помост и текст