Эгемендүүлүк күнүнө карата райондогу иш-чара

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендуулук күнүнүн 34-жылдыгына карата Кызыл-Суу айылында иш чара болуп өттү. Иш чарага Жети- Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Бахавадинов, акимдин орун басары Ж.Бектемитрова, ардагерлер кенешинин төрагасы А. Абылгазиев, Жети-Өгүз жаңылыгы газетасынын редактору Т. Ишебаев, Кызыл-Суу айыл аймагынын төрайымы Г. Чыныбаева, Кызыл-Суу айылынын аксакалы А.Адылбеков куттукташты. Иш чарада Кызыл-Суу айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жеке салымдары үчүн эмгек алдыңкылары “Ардактуу атуулу” , “Ардак грамотасы” жана “Ыраазычылык катары” менен сыйланышты. Ошондой эле массалык спорт оюндары ойнотулуп акчалай сыйлыктар тапшырылды.