РАЙОН АЙМАГЫНДА ТАЗАЛЫКТЫ САКТОО МАКСАТЫНДА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРДҮ

РАЙОН АЙМАГЫНДА ТАЗАЛЫКТЫ САКТОО МАКСАТЫНДА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРҮП, ТИЕШЕЛҮҮ ТАРАПТАРГА ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР БЕРИЛИП, МЫЙЗАМ ТАЛАПТАРЫН САКТАБАГАНДАРГА АЙЫП ПУЛДАР САЛЫНДЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин № 131 Жарлыгынын негизинде Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Э.И.Бахавадинов, орун басары К.З.Аджиев, райондук мамлекеттик администрациянын айрым аппарат кызматкерлери, тиешелүү райондук жетекчилер жана айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары Ысык-Көл көлүнүн жээгин жана андагы эс алуучу жайлар, пляж аймактарынын, боз үй шаарчаларынын тегерегинин тазалыгы боюнча текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Текшерүүнүн негизги максаты аталган аймактардын тазалыгын кароо, ажатканалардын, саркынды суу тазалоочу жайларынын талапка жооп бериши боюнча ишти көзөмөлгө алуу менен тиешелүү тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Ошону менен бирге мыйзам талаптарын сактабаган айрым ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Бузулар кодексине ылайык айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү тарабынан 50 гө жакын АКТ, протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.
Ал эми текшерүүгө чейин эле айрым жерлер талапка ылайык тазаланып, иретке келтирилген.



