Кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс

531110716_792613173154426_2007333020304817986_n
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү улук (У-А финансы-экономикалык жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы) административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн муниципалдык ички кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт жана талапкерлерге төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билимдин деӊгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүлүгү
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;
– билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаӊы шартына көнүү;
– көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жанга жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук ченемдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
 өзүнүн арызы;
 кадрларды эсепке алуу баракчасы;
 сүрөт (4*6)
 негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
 эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык мекеме тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек);
 туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
 соттолбогондугу тууралуу маалымдама;
 паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 18-августуна чейин (акыркы күнү саат 17-00гө чейин) Барскоон айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаӊыз болот (03946)26-145, 0709236442
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү.
Возможно, это изображение текст