СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы ички кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт
улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: КР Этика, Жер Кодекстерин, Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергеликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө, Кызыкчалактардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарын билүүсү.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
– билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 13-августу саат 17:30 га чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү №95
Кошумча маалыматты райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот тел.0703411011
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Атк.:Т.Тукашев 0703411011