Өспүрүмдөр арасында жат көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча жолугушуулар башталды

546484093_1962244151282497_1841943637785334077_n
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын атайын тескемесине ылайык район акиминин орун басары
Ж.К.Бектемирова, район прокурору А.К.Исманов, райондук ички иштер бөлбүмүнүн, райондук билим берүү жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын тиешелүү кызмат адамдары мектеп жамааты жана окуучулары менен жолугушууларды уюштурулуп өткөрүшүүдө.
Бул иш-чаранын негизги максаты:
– район аймагындагы өспүрүмдөр арасында ар кандай жат көрүнүшөрдү алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-ар кандай шарттагы балдар менен жакындан баарылашуу;
-мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар ортосундагы биримдик менен билимге кадам жасоосун жакындан көрүп, тиешелүү жардамдарды берүү менен өспүрүмдөрдүн туура, сапатуу билим алышына өбөлгө түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек бүгүнкү жолугушуу райондогу М.Тынаев, Алыбаков, А.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин мугалимдер жамааты жана окуучулары менен болуп өттү.