Элдик курултайдын делегаттары райондогу иштер менен жеринен таанышууда
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары К.З.Аджиев Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарына Жети-Өгүз районунун аймагындагы аткарылган, учурда аткарылып жаткан жана келечекте аткарууга пландалган иштери менен жеринен таныштырууда.
Райондогу делегаттар алгач Жетии-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагына караштуу Тосор айылындагы “Тосор Органик” алма, алмурут, абрикосту сактоочу жай жана андагы кайра иштетүү иши менен танышты.
Алдыда район жетекчилиги менен биргеликте делегаттар бул өңдүү бир катар социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен танышып чыгышат.
Бул иштердин негизги максаты делегаттарга райондо жүрүп жаткан иш аракеттер менен жеринен тааныштыруу болуп саналат.




