ТУРМУШТУН ООР СЫНООСУНА КАБЫЛГАНДАРГА ЖАКЫНДАН ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

542068180_1955917018581877_3853932714531913247_n
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, райондук пробация, РИИБнин, райондук эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук жалпы даарыгерлер практика борборунун жана Кызыл-Суу айлынын № 55 лицейинин жетекчиси менен биргеликте каттоодо турган пробация кардарларына ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө багытталган “Жардам” аталышта иш-чарасы өткөзүлдү.
Бул иш-чарада пробация кардарлары суроо-жооп иретинде өздөрүнүн муктаждыктарына жараша жардам жана юридикалык консультация ала алышты. Ошол эле учурда дене табынын кан басымы ден соолуктарынын сак-саламаттыгын камсыздоо боюнча медициналык кароодон өтүштү.
Биргелешкен иш-чаранын алкагында Кызыл-Суу айылындагы № 55 лицейинин жетекчилиги тарабынан чакан курстук окутуу жүргүзүлүп, ар кандай түшүндүрмөлөр берилди.