СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

сынак_жарыяланат2

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы ички кадрлар резервине киргизүү үчүн  административдик кызмат орунуна  ачык сынак жарыялайт

улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

            Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: КР Этика, Жер Кодекстерин, Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергеликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө, Кызыкчалактардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарын билүүсү.

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 13-августу саат 17:30 га чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү №95

Кошумча маалыматты райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот   тел.0703411011

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк.:Т.Тукашев 0703411011