РАЙОН АЙМАГЫНДА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН 34 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 31-августта Жети-Өгүз районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чара Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл аймагынын Сары-Күңгөй өрөөнүндө уюштурулду. Анда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктарын тапшырды. Ошону менен бирге райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана район аймагындагы элдик таланттар тарабынан майрам ээлерине концерттик программалар тартууланды. Буга улай спорттун аркан тартыш, кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан тиешелүү сыйлыктар тапшырылды.




