РАЙОНДОГУ 39 МЕКТЕП, 2 МЕКТЕПТИН ФИЛИАЛЫНДА АЛДЫДАГЫ ОКУУ ЖЫЛЫНЫН АЛГАЧКЫ КОҢГУРООСУ ЖАҢЫРДЫ

541085103_1955038998669679_2398396517101983227_n
1-сентябрь билим күнүнө карата район боюнча 2025-2026-окуу жылы үчүн 39 мектеп 2 мектептин филиалында алгачкы коңгуроо жаңырды.
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы С.Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүү мектебине барып, мугалимдерди жана мектеп окуучуларын билим күнү менен куттуктап, чакан белектерин тапшырды.
Ошону менен бирге райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Ж.К.бектемирова, администрациянын аппарат кызматкерлери, райондук мекемелердин жетекчилери жана айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары ар бир мектепке бөлүнүп, район акиминин жана жеке өздөрүнүн атынан мектеп жамааты менен ата-энелерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өз калоо-тилектерин жолдошту.
Возможно, это изображение 8 человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и толпа
Возможно, это изображение ‎5 человек и ‎текст «‎TypAy6oK apto . س 野 C H‎»‎‎