Райондогу кезектеги жыйын

2025-жылдын 2-сентябрында Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, тазалык муниципалдык ишканаларынын кызматчыларынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадиновдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 Тынчтык Мыйзамынын камсыздалышы боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйында Ысык-Көл акваториясынын, көл жээгинин жана аймактардын тазалык маселеси, укук бузган жарандарга карата бузуулар кодексине ылайык айып пул салуу боюнча кеп кеңештер, көйгөйлөр талкууланды.