“НООРУЗ-2026” МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн, 21-мартта Жети-Өгүз районунун 5 айыл аймагында “НООРУЗ-2026” аталышындагы Элдик майрам уюштурулуп өткөрүлдү.
Райондук деңгээлдеги иш-чара район борбору болгон Кызыл-Суу айылынын паркында саат 10:00 до башталып, № 3 жол тейлөө мекемесинин жалпы жамааты жана Кытай Эл Республикасынын “Чайна роад” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кыргыз, кытай элинин улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсүн көрүүчүлөргө тартуулашты.
Андан соң Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жалпы жамааты жылкыга ээр токум токуу эрежелерин көрсөтүп, анын чечмеленишин айтып берди.
К.Жумаев атындагы Жети-Өгүз токой чарба кызматынын жалпы жаматы кыргыз элинин улуттук оюн-зоокторунун бири болгон “Селкинчек тебүү” оюнун көрсөтүп, аталган оюн туурасында кеңири баяндама жасашты.
Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалынын жалпы жамааты кыргыз элинин каада-салттарынын бири болгон “Келин алуу” жөрөлгөсүн көрсөттү
Жети-Өгүз райондук ветериания, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын жалпы жамааты элибиздин улуттук тамак-ашы болгон “Этти устукандоо жана беш бармак тартуу салтын көрсөтүштү.
Ал ортодо Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан спотрттун “Кыргыз күрөш”, “Кол күрөш” , “Аркан тартыш”, “Гир көтөрүү” жана “Пара тебүү” оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү Кыргыз Республикасынын Гиминин жаңыртуу менен башталып, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Э.И.Бахавадинов куттуктоо сөзүн сүйлөп, Нооруз майрамына арналып уюштурулган иш-чарага жигердүү катышуу менен кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, оюн-зоокторун жанан тамак-аштарын даңазалоо менен жаш муундарга көрсөтүүдөгү алгылыктуу иш-аракеттери үчүн администрациянын атайын сыйлыктарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Майрамга келген меймандарга райондук маданият кызматкерлери тарабынан сахналаштырылган оюн-зоок, концерттик программалар тартууланды. Ушундай эле иш-чаралар, райондун Барскоон, Жаргылчак, Оргочор жана Жети-Өгүз айыл аймактарында да жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
