Мектеп окуучулары район акимине “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары” жөнүндө китепти окуп беришти
13-декабрда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов район борбору болгон Кызыл-Суу айылындагы Дем китеп канасына барып, ал жердеги окуучулар менен бирге “Бир өлклнүн өнүгүү сырлары” жөнүндө китебин бирге окуп, андагы каармандардын жашоодогу орду жана ролу жөнүндө кеңири пикир алмашышты.
Ошол эле учурда район акими окуучуларга райондогу иш аракеттер туурасында кыскача маалымат берип, окуучуларга ийгиликтерди каалады. Ал ортодо китепкананын жетекчилиги менен келечек ээлери район акиминин мындай тар чөйрөдөгү жакшы саамалыкка көңүл буруп келип, алардын жетишкендиктери менен ийгиликтеринен кабар алгандыгы үчүн өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Мындан тышкары район жетекчиси китепкананын окуу бөлүмдөрү жана китеп текчедеги айрым китептер менен да таанышты.





