Жети-Өгүз районунда эгемендүүлүк майрамынын алдында беш ишкана ишке берилди.

3526292.2041951f91c742c95859ffe662ed4832

Райондук администрациядан билдиришкендей, алардын арасында Кытай, Аң-Өстөн айылындагы мектеп, Ичке-Булуң жана Кичи-Жаргылчак айылдарындагы бала бакчалар, ошондой эле Ак-Терек айылындагы аймактык оорукана бар.

30-август күнү райондогу бул объектилер мамлекет башчы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылды. Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Ачылышта облуста мындай өндүрүш ишканаларынын жана социалдык объектилердин ачылышы жергиликтүү элге жагымдуу шарттарды түзүп жатканы айтылды.