Жети-Өгуз районунда жерлер агро өнөр жай комплексине айландырылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын аймагындагы жалпы аянты 105,2 гектар жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети токтом кабыл алды.
Анын ичинен No201 (45,7 га) жана № 207 (54,5 га) контурлардагы 100,2 га мамлекеттик жер тилкеси «жакшыртылган (маданий) жайыттардын» категориясынан «көп жылдык көчөттөр ээлеген жерлер» категориясына которулган. Бул аянттарга мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: карагат (0,78 га), малина (0,66 га), крыжовник (0,76 га), өрүк (2,3 га) жана алма бактарын (11,5 га) отургузуу пландаштырылууда. Иш айыл өкмөттүн бюджетинен каржыланат.
Дагы 5 гектар (контур No207) “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулду. Дан сактоочу кампаларды, мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткычты, продукцияны кургатуучу жана кайра иштетүүчү цехтерди, ошондой эле 200 тоок, 50 уй жана 100 кой багуу үчүн ферма куруу пландаштырылууда.
Жарлык жергиликтүү бийлик органдарын шаар куруу эрежелерин так сактоого, жер казуу иштери жүргүзүлсө дренаждык системаларды, сейсмикалык каршы иш-чараларды жана археологиялык көзөмөлдү камсыз кылууга милдеттендирилген.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аталган долбоор аймактын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталганын белгиледи.