Дүйнөлүк туризим күнү белгиленди
27-сентябрда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын Оргочор айыл аймагына айыл өкмөтү менен биргеликте “27-сентябрь дүйнөлүк туризим күнү” белгиленип, 2025-жылдын туристик мезгилин жыйынтыктап, майрамдык иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында алыскы Ала-Бука районундагы бир катар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери менен өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы БГУ окуу жайынын туризим факультетинин 4-курсунун студенттери жана райондогу айрым мекеме-ишканалардын жетекчилери, район аймагындагы туризм тармагында ишкерлер келип катышышты.
Анда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Ж.К.Бектемирова жыл ичинде райондо туризм тармагында аткарылган иштер боюнча маалыматтарды берди. Ошону менен бирге сөз сүйлөп, майрам ээлерин куттуктап, эмгек алдыңкыларына райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктарын тапшырды.





