Аң-Өстөн айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

3627815.17624b49d9206f7fbb6f8a6447e02084

Аң-Өстөн айылында Ыбрай Сооронбаев атындагы жаңы мектеп ишке берилди. Оргочор айыл аймагынын башчысы Нурдин Жусуповдун айтымында, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, долбоордун наркы 96 млн сомду түзгөн. Курулуш толугу менен аяктап, жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилди.