Ааламга аты чыккан залкарлар эскерилип, адабият күнү белгиленди


Кыргыздын залкар калемгери Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. Белгилүү жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка толмок. Ал эми Кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган. Дал ушул улуу инсандардын урматына 12-декабрда жыл сайын өлкө аймагында адабият күнү белгиленип келет.
Бүгүн, 12-декабрда адабият күнүн Жети-Өгүз районунун баардык мектептеринде жана китепканаларында белгиленип, А.Осмоновдун жана Ч.Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылып, ырлары окуучулар тарабынан көркөм окулду.
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы орто мектебинин мугалимдер жааматы жана окуучулары менен кезигип, адабият күнүн бирге белгилешти.
Ал эми район акиминин орун басары Ж.К.Бектемирова Жалгыз-Өрүк айылындагы А.Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине барып, аталган мектептеги адабият күнүнө арналган иш чарага катышып кайтты.
Негизинен район аймагында адабият күнү жогорку днгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.



