Кезектеги координациялык кеңешме болуп өттү
2025-жылдын 11-сентябрында, райондук мамлекеттик администрациясында район акиминин биринчи орун басары К.З.Аджиевдин жетекчилиги астында тиешелүү жергиликтүү жетекчилердин катышуусу менен райондук Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешинин отуруму болуп өттү.
Отурумда райондогу кылмыштуулуктун абалы, малдын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын алдын алуу маселелери каралды. Жыйындын отурумунун чечими менен айыл өкмөт башчыларына жана тиешелүү кызмат адамдарына тапшырмалар коюлду.



