КАРЫЛАРГА СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ

Бүгүн, 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү. Буга  карата Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчсы-акимдин орун басары Ж.К. Бектемирова Кызыл-Суу айылынын тургуну, ардактуу ардагер  101 жаштагы  Андрюшина Екатерина ападан кабар алды.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ж.Жетигеновдун жана район акими Э.И.Бахавадиновдун атынан   Андрюшина Екатерина апаны бүгүнкү майрамы менен куттуктап, тиешелүү жетекчилердин атынан акчалай  белектерин тапшырды.