Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өттү
1-октябрда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район акиминин биринчи орун басары К.З.Аджиев катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйнга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мугалимдер жана башка тиешелүү тараптар катышты.
ЖЫЙЫНДА ТӨМӨНДӨГҮ МАСЕЛЕЛЕР КАРАЛДЫ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 29-июлундагы Пр-1/74 сандуү протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында мал жандыктарынын катышуусунда жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу жана сактоо боюнча маалымтар берилип, бул багытта ишти күчөтүү тапшырмалары коюлду.
2. Район аймагына инвестиция тартуу боюнча отчет берүү маселеси каралып, алдыда айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн экономист-статис кызматкерлери ай сайын өз аймагындагы инвестиция боюнча маалыматтарды тактоо менен райондук статистика бөлүмүнө туура жана толук маалыматтарды берип туруу жагы тапшырылды.


