ЖЕТИ-ӨГҮЗДҮН ИЧКЕ-БУЛУҢ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ ФЕЛЬШЕРДИК-АКУШЕРДИКПУНКТ ЖАНА МЕЧИТ АЧЫЛДЫ
Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Ичке-Булуң айылында эки ачылыш болду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Урмат Докеоев билдирди.
Анын айтымында, Ичке-Булуң айылында айыл эли үчүн жаңы фельдшердик-акушердик пункт жана мечит курулуп пайдаланууга берилди.
“Бул иштерди элдин саламаттыгын чыңдоо жана руханий баалуулуктарды бекемдөөгө чоң салым кошот. Айылдагы эмкана эскилиги жеткендиктен, тургундар бул маселени бир нече жолу көтөрүп келишкен. Эми демөөрчүлөрдүн көмөгү менен жаңы эмкана ачылып откурат”,-деди Урмат Докоев.
Ал эми айылдагы Жибек Аблаева бир катар жыл медицина тармагында эмгектенип келгенин айтып, азыр заманбап шарттагы жаңы эмканада иштеп жатканына ыраазы экенин белгиледи.
Жети-Өгүз райондук даарыгерлер борборунун директору Максат Курманов райондо 26 эмкана жана 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар экенин айтып, 4 айылга жаңы эмкана куруу зарылдыгы болгонун, бул маселе этап-этабы менен чечилип жаткандыгын билдирди.
Аталган ачылыш аземдерине район акими Э.И.Бахавадинов да катышып, райондогу ар бир айылда социалдык маселелер чечилип, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен бир катар иштер аткарылып жаткандыгын билдирди.
