«Жер мамилелерин жөнгө салуудагы жаңы өзгөртүүлөр» жана «Административдик иштин негиздери, административдик жол-жоболорду колдонуу практикасы» деген темада семинар болуп өттү

2026-жылдын 9-октябрында Ысык-Көл облустук сотунун жана райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен айыл өкмөттөрүнүн, Кадастр мекемесинин жана Архитектура башкармалыгынын кызматкерлери үчүн атайын семинар болуп өттү.

Иш-чара «Жер мамилелерин жөнгө салуудагы жаңы өзгөртүүлөр» жана «Административдик иштин негиздери, административдик жол-жоболорду колдонуу практикасы» деген темалардын алкагында өттү.

Семинарга райондун прокурору А.Исманов жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери да катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ортосунда жер маселелери боюнча кызуу талкуу жүрүп, сунуштар берилди. Мындай демилге жерге байланыштуу укук бузуулардын алдын алууга чоң салымын кошот.